Бишкек шаарында Европа Биримдигинин жана Конрад Аденауэр фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Адилеттүүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» долбоорунун жабылыш аземи өткөрүлдү.
Долбоор үч жыл бою ишке ашырылып, укуктук маданиятты өнүктүрүүдө, мыйзам чыгаруунун сапатын жогорулатууда жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы диалогду кеңейтүүдө маанилүү этап болуп калды.
Саламдашуу сөздөрү менен Чынара Айдарбекова, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы; Сайра Ызакова, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Аязбек Жаркынбаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Нормотворчулук жана укуктун үстөмдүгү институтунун директору; Косимо Ламберти Фоссати, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоорлор боюнча менеджери; жана Игорь Брыжатый, Конрад Аденауэр фондунун долбоорунун директору сүйлөштү.
Үч жыл ичинде долбоор комплекстүү программаны ишке ашырды, анын ичинде:
Долбоор жарандардын мыйзам чыгаруу процессине туруктуу катышуу практикасын түздү. «Мыйзам чыгаруу процессине жана мыйзамдарды мониторинг кылууга жарандардын катышуусу» аттуу панелдик талкуу мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чогултат. Ал коом менен мамлекеттин ортосундагы ишенимди чыңдоо боюнча жаңы чечимдерди иштеп чыгууга аянтча болот.
Долбоор аяктагандан кийин анын жыйынтыктары өз жемишин бере берет: даярдалган материалдар, окутулган эксперттер жана санариптик куралдар жарандык коомдун, ЖМКлардын жана мамлекеттик органдардын ишинде активдүү колдонулат. Ошентип, долбоор Кыргызстанда демократиялык институттарды мындан ары өнүктүрүүгө жана адам укуктарын коргоого негиз түздү.