Общинный мультимедийный центр "Невакет"

Ысык-Атинский район

Кант шаарынын Жаштар аллеясында коомдук даараткана куруу маселеси көтөрүлдү

21 Август 2026 год 10:33
Количество просмотров: 108

Кант шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелердин бири — Жаштар аллеясында коомдук даараткана жоктугу талкууланды.

Тургундардын айтымында, бүгүнкү күндө Жаштар аллеясы шаардагы эң популярдуу эс алуу жайларынын бири болуп калды. Бул жерге күн сайын үй-бүлөлөр, балдар, жаштар жана улгайган адамдар келип эс алышат. Бирок коомдук даараткана жок болгондуктан, айрым адамдар жакын жайгашкан турак үйлөрдүн айланасын пайдаланып, бул антисанитардык абалды жаратып, жашоочуларга чоң ыңгайсыздык алып келүүдө.

«Жаштар аллеясын куруп бергениңиздер үчүн чоң рахмат. Чындыгында шаар үчүн жакшы эс алуу жайы болду. Бирок жакынкы үйлөрдүн жашоочулары терезелерин ача албай калышты. Айрыкча жай мезгилинде жагымсыз жыт күчөйт. Ошондой эле кечки убакта коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн милиция кызматкерлеринин патрулун күчөтүп берсеңиздер жакшы болмок», — деди тургундардын бири.

Тургун ошондой эле саат 23:00дөн кийин Жаштар аллеясында милиция кызматкерлеринин туруктуу көзөмөлү уюштурулса, коомдук тартип сактоого жардам берерин белгиледи.

Мэр эмне деп жооп берди?

Шаар мэри коомдук даараткана куруу маселеси шаар бийлигинин күн тартибинде экенин билдирди.

Анын айтымында, заманбап муниципалдык даараткана куруу шаардык бюджетке киргизилген жана бул ишти аткара турган подрядчы да аныкталган. Бирок азырынча аны кайсы жерге куруу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

Мэр белгилегендей, мурда сунушталган айрым жерлерге тургундар каршы болушкан. Ал эми башка аймактарда газ түтүктөрү, суу түтүктөрү жана жылуулук тармактары өткөндүктөн, курулуш жүргүзүүгө мүмкүн эмес.

«Биз даараткана куруудан баш тарткан жокпуз. Ал заманбап, таза, бардык шарттары каралган даараткана болот. Мындан тышкары, аны акы төлөнүүчү кылуу пландалууда. Бул анын дайыма таза жана тартипте кармалышына мүмкүнчүлүк берет», — деди шаар мэри.

Ошондой эле ал Жаштар аллеясында кечки убакта коомдук тартипти күчөтүү боюнча ички иштер органдарына расмий кайрылуу жөнөтүлөрүн маалымдады.

Шаар бийлиги коомдук даараткана куруу үчүн ылайыктуу жерди издөө иштери улантылып жатканын жана тургундар көтөргөн маселелер көзөмөлдө экенин билдирди.