Кант шаарынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда Люксембург турак жай массивинин тургундары таза суу менен камсыздоо жана борборлоштурулган канализация куруу маселесин көтөрүштү.
Тургундардын бири акыркы бир нече айдан бери суу көйгөйү курч болуп жатканын айтты.
«Кранды ачсаң суу өтө жай агат. Кир жуусаң болбойт, кир жуучу машинаны иштете албайсың, душка түшө албайсың, идиш жууганга да суу жетпейт. Мындай абал үч айдан бери уланып жатат. Балким суу алуучу жайга жакын жерлерде абал жакшыдыр, бирок алысыраак жашаган тургундарга суу жетпей жатат. Бул маселени изилдеп, Люксембургдун ушул тарабына жаңы скважина казуу керек», — деди ал.
Ошондой эле ал борборлоштурулган канализациянын жоктугу дагы олуттуу көйгөй экенин белгиледи.
Анын айтымында, акыркы жылдары калктуу конуш өсүп, дээрлик ар бир үйдө ажаткана жана кир жуучу машина пайда болгон. Бирок саркынды сууларды чыгаруучу борборлоштурулган система жок болгондуктан, тургундар септиктерди колдонууга аргасыз.
«Люксембургда жер алдындагы суулар жер бетине өтө жакын жайгашкан. Эки метр казсаң эле жер алдындагы суу чыгат. Ошондуктан терең септик курууга мүмкүн эмес. Бул жер кыртышынын булганышына алып келип, жай мезгилинде чиркейлердин көбөйүшүнө шарт түзүүдө. Канализация маселеси бүгүнкү күндө эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп калды. Бул маселени чечүү үчүн эл аралык каржы уюмдарынын колдоосун тартуу керек деп ойлойм», — деди тургун.
Мэр эмне деп жооп берди?
Шаар мэри Люксембургду таза суу менен камсыздоо боюнча долбоор даяр экенин билдирди.
Анын айтымында, учурда эң негизги маселе — долбоор үчүн керектелүүчү түтүктөрдү сатып алуу.
«Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 17 чакырым түтүк керек. Анын жалпы баасы 200 миллион сомдун тегерегинде. Азыр ушул маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз», — деди мэр.
Ал учурда Киршелк аймагында жаңы суу түтүктөрү тартылып жатканын, ал иштер аяктагандан кийин ушундай эле долбоор Люксембургда да башталарын маалымдады.
Мындан тышкары, шаар бийлиги 7 миллион сомго жаңы скважина бургулоону заказ кылган. Ал Батыш көчөсүндө жайгашат жана аны ушул жылдын кеч күзүнө чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
Ошондой эле келерки жылы дагы бир скважина куруу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Мэрия тарабынан бардык долбоордук жана уруксат берүүчү документтер даяр экенин белгилеп, инвестор түтүктөрдү камсыздап берсе, курулуш иштерин дароо баштоого даяр экенин айтты.
«Эгер инвестор түтүктөрдү алып берсе, биз эртең эле ишти баштоого даярбыз», — деди шаар мэри.
Ошондой эле шаар башчысы тургундарды ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
Анын айтымында, суу басымынын төмөндөшүнүн негизги себептеринин бири — айрым тургундардын ичүүчү сууну огород сугарууга колдонушу.
«Биздин насостор үзгүлтүксүз иштеп жатат, керек болсо резервдик насосторду да колдонобуз. Скважиналардан чыккан суунун басымы жетиштүү. Бирок айрым тургундар ичүүчү сууну бакча сугарууга пайдаланып жаткандыктан, башкаларга суу жетпей калууда. Мүмкүнчүлүк болсо, огородду өз скважинаңыздагы суу менен сугарыңыздар», — деп кайрылды мэр.
Жыйынтыгында шаар башчысы Люксембургду сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана борборлоштурулган канализация куруу маселеси шаар бийлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон каларын белгиледи.